Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Имран Хан парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырды


Пакистандын премьер-министри Имран Хан.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан 3-апрелде парламентти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүүгө президентти чакырды. Буга чейин парламенттеги оппозиция анын кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Хандын айтымында, бул ага каршы уюштурулган эл аралык кутумдун бир бөлүгү.

28-мартта парламенттеги оппозиция өкүлдөрү премьер-министр өлкө экономикасын натыйжалуу тескей алган жок деген жүйө менен кызматтан кетүүсүн талап кылып, ишенбөөчүлүк жарыялоо сунушун көтөрүшкөн.

Пакистан кезектеги экономикалык кризиске дуушар болуп, Эл аралык валюта корунан алты миллиард долларлык жардам күтүп жатат.

Пакистандын крикет боюнча курама командасынын мурдагы капитаны, 69 жаштагы Хан бийликке 2018-жылы келген.

Оппозиция жана аналитиктердин айтымында, өкмөт башчы менен жогорку даражалуу аскердик жетекчилердин ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG