Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Сербиядагы президенттик шайлоодо Александр Вучич алдыга чыкты


Александр Вучич добуш берүү учурунда. Белград, 3-апрель, 2022-жыл
Александр Вучич добуш берүү учурунда. Белград, 3-апрель, 2022-жыл

Сербиядагы президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчысы Александр Вучич алдыда баратат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жарандардын 68% ашыгы Вучичке, 11% Здравко Поношко, 4,5 пайызы Бранка Стаменковичке добуш беришти. Жалпысынан Сербиянын президенттигине сегиз талапкер ат салышкан.

Парламенттик шайлоодо Вучич башында турган Сербиянын “Бирге баарын жасайбыз” прогрессивдүү партиясы жетектеген коалициясы алдыга чыкты. Акыркы маалыматтарга караганда, коалицияга шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы добуш берди.

Байкоочулардын айтымында, шайлоодон кийин Вучич эки негизги көйгөйдү чечиши керек. Косово менен жөнгө салынбаган мамиле (Белград анын эгемендүүлүгүн тааныбайт жана Сербиянын бир бөлүгү деп эсептейт) жана Украинага басып киргенден кийин Орусияга каршы киргизилген санкциялар маселеси. Сербия аларды кабыл алуудан баш тарткан Евробиримдиктин жалгыз талапкери бойдон калууда.

Евробиримдиктин жетекчилиги Вучичтин Европанын жалпы позициясына кошулушун көздөйт.

Атаандаштары өлкөнү беш жыл башкарган убакта Вучич бийлигин бекемдеп алганын айтышууда. Оппоненттери ал сөз эркиндигин көзөмөлдөп, өкмөттү колуна алганына нааразы.

Demostat компаниясынын сурамжылоосу көрсөткөндөй, шайлоочулардын 43% добуш берүү адилеттүү болоруна ишенбейт.

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму Вучичтин бир нече жылдан берки башкаруусунда Сербия демократияда артка кеткенин жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG