Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Ооганстанда апийим өстүрүүгө тыюу салынды


Апийим айдалган талаадагы дыйкан. Кандагар, Ооганстан. 15-март, 2022-жыл.
Апийим айдалган талаадагы дыйкан. Кандагар, Ооганстан. 15-март, 2022-жыл.

Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтү 3-апрелде чыгарган буйрукка ылайык, апийим өстүрүүгө тыюу салынды. Буга чейин айдалып калган талаалардагы апийим өрттөлөт, ал эми дыйкандар шарият мыйзамына ылайык жазаланат.

Буйрук менен талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид журналисттерди тааныштырды. Анда башка маңзатты өстүрүү, колдонуу жана алып жүрүүгө тыюу салынганы айтылат.

Ооганстан дүйнөдө апийим өндүрүү боюнча биринчи орунда турат. БУУнун маалыматына караганда, 2017-жылы апийимден Кабул 1,4 миллиард доллар тапкан.

Кошмо Штаттар 20 жыл ичинде апийим өстүрүүнү жокко чыгаруу максатында сегиз миллиарддан ашуун доллар короткон.

XS
SM
MD
LG