Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Кыргыз эл акыны Омор Султанов дүйнөдөн кайтты


Омор Султанов.
Омор Султанов.

Кыргыз эл акыны, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов бүгүн, 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Тосор айылдык коомунун жетекчиси Тыныбек Жукешов "Азаттыкка" кабарлады. Жакындарынын маалымдашынча, акындын сөөгү 5-апрелде жерге берилет.

Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.

Ал ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы, "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири.

"Тоо күндөрү", "Жылдыздуу түндөр", "Отузунчу станция", "Аэропанорама", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" жана башка ондогон ыр жыйнактарынын, "Улуу дайра", "Мухитке жол" жана башка очерк, аңгеме, повест жыйнактарынын автору болгон.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун "Ала-Тоо" журналынан баштаган. Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы, Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондунун президенти, Кыргызстандын чет өлкөлөр менен байланыш союзунун вице-президенти, Москвадагы Эл аралык Жазуучулар союзунун тең төрагасы, Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.

Омор Султанов Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасын, "Манас" эпосунун миң жыл" медалын алган. Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын ээси, "Манас" ордени жана башка бир катар сыйлыктардын ээси болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG