Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Украин делегациясынын башчысы Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди


Орусиянын делегация башчысы Владимир Мединский жана Украина делегациясынын жетекчиси Давид Арахамия. Стамбул. Март, 2022-жыл.
Орусиянын делегация башчысы Владимир Мединский жана Украина делегациясынын жетекчиси Давид Арахамия. Стамбул. Март, 2022-жыл.

Орусия Украина менен сүйлөшүүдө өлкөнүн нейтралдуулугу боюнча референдумга каршы позициясын күн тартибинен алды. Бул тууралуу украин делегациясынын башчысы Давид Арахамия улуттук телеканалга курган маегинде айтты. Анын сөзүнө караганда, орус тарап бул тууралуу 1-апрелдеги онлайн сүйлөшүүлөр учурунда билдирген, бирок азырынча жазуу түрүндө бере элек. Арахамия тараптардын сүйлөшүүлөрү президенттердин жеке саммитине жакындап калганын, жолугушуу Түркияда өтөрүн да ишенимдүү айтты.

Арахамия ошондой эле эгер референдумда НАТОго кирүүгө көп добуш берилсе, кайрадан сүйлөшүүлөр болорун же согуштук аракеттер жанданары күтүлүп жатканын кошумчалады.

Орусия тарап азырынча Арахамиянын сөзүнө комментарий бере элек. Москва сүйлөшүүлөрдө украин тарап нейтралитет болууга жана өз коопсуздугу үчүн башка өлкөлөр менен аскердик тармакта кызматташууда чектөөлөргө барууга макул болгонун маалымдады. Бирок Украина нейтралитет болуу үчүн референдум өтүүсү керек, жалпы элдик добуш берүү Орусия аскерлерин толук чыгарып кеткенден кийин гана болушу ыктымал.

Мындан тышкары аннексияланган Крымдын макамын 15 жылга "тоңдуруп", бул мөөнөттө ал тууралуу сүйлөшүүнү токтотуу сунушталган.

Сунуштарда денацификация жана демилитаризация тууралуу, Донбасстын макамы жөнүндө сөз жок. Бул маселелерди чечүү Орусия президенти Владимир Путиндин Украинага "атайын операциясынын" негизги максаты катары айтылган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жекшембиде теле аркылуу сүйлөп, "атайын операциянын" жыйынтыгында Украинада улуттук идеяларга тыюу салынып, ал эми орус тили мурунку позициясын калыбына келтирет деген үмүт бардыгын билдирген. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн долбоорунда бул тууралуу айтылган эмес.

Орус-украин сүйлөшүүлөрү качан уланары белгисиз. Акыркы сүйлөшүүлөр өткөн аптада Стамбулда өттү, ошондон кийин орус аскерлери Киев облусунан чегинди. 3-апрелдин түнү орус армиясы Одесса шаарына сокку урганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG