АКШ чалгын кызматынын Киевге чабуул тууралуу орусиялык операциянын планын украин бийлигине берген. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянып жазды. Басылма Орусиянын Украинага чабуулга даярдыгы тууралуу кенен макала жарыялап, бул план украин тарап үчүн маанилүү роль ойногонун белгиледи.
Макалада белгиленгендей, ЦРУнун жетекчиси Уильям Бёрнс январдын ортосунда Киевге жашыруун келип, президент Зеленский менен жолуккан. "Сүйлөшүүдө Орусиянын согуштук планы тууралуу кеп болгон. Ошондо эле АКШнын Чалгын агенттиги орустар чабуулду Беларус тараптан жасарын билген. Чалгын кызматы ошондой эле Орусия Киевдеги Гостомел аэропортун ээлеп, өздөрүнүн башкы аскердик аба майданы кылууну көздөгөнүн да билген" деп жазат басылма.
Аэродром иш жүзүндө орустар чабуул койгон биринчи эле күнү басылып алынган. Орусия 24-февралда аба майданга десанттарын түшүрүп, Киевге түндүк жагынан кирүүгө аракет кылган. Украин аскерлери Ирпень дарыясы тараптан коргонууга жетишип, орус аскерлерин Киевге киргизген жок. Фронт турукташкан.
Бир нече күн мурун орус аскерлери Киев облусунан кете баштады. 2-апрелде Украинанын Коргоо министрлиги облус толугу менен бошотулганын жарыялады. Бирок эл жашаган аймактар катуу талкаланганы жана өлгөндөр көп экени кабарланды. Орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турган Буча шаарында согуштан өлгөн жай тургундардын сөөктөрү көчөлөрдө жатканына журналисттер күбө болушкан. Алардын көпчүлүгү минага жарылып өлсө, арасында башына атылган октон набыт болгондору бар экенин кадрларда көрсөтүлгөн. Азырынча өлгөндөрдүн так саны тууралуу расмий маалыматтар жок.
Wall Street Journal Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны өз бийлигине каратууну көздөгөн болушу ыктымалдыгын жазды.
Макалада ошондой эле 2021-жылдын ноябрында Украинага басып кирүүнүн акыркы этабы аяктаганы, Вашингтон Москваны согуш болсо салынуучу түрдүү санкциялар менен эскерткени белгиленген. Анда жазылгандай, эскертүүлөр алгач жабык эшик артында - ЦРУнун башчысы Бёрнс менен Путиндин жолугушуусунда, кийинчерээк ачык эле берилген. Макалада ошондой эле орус-украин ыктымалдуу согушун Вашингтон Европадагы союздаштары менен да талкуулаганы, көпчүлүк союздаштары АКШнын Чалгын кызматынын маалыматтарына ишенбегени тууралуу кабарланган.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.