Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Кармалган митингчилердин соту 3-апрелде болот


Согушка каршы митингге чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду кармоо учуру. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.
Согушка каршы митингге чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду кармоо учуру. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.

2-апрелде Горький гүлбагынан кармалган 20дан ашуун адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө үч сааттай кармалып туруп, коё берилди.

Алардын дээрлик баарына Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") боюнча иш козголду. Бул тууралуу кармалган жарандык активисттердин бири, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, ишти 3-апрелде Биринчи май райондук соту карайт.

2-апрелде Бишкекте согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Горький гүлбагына чогулган жарандык активисттер "Согушту токтот", "Согушка жол жок", "Путин, согушту токтот" деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскерткен. Көп өтпөй митингчилерди Биринчи май милициясына алып барган.

Ушул эле гүлбакта түшкө чейин Орусияны колдогон он чакты адам митингге чыккан. Аларга милиция да, бийлик өкүлдөрү да тыюу салынган чечим бар экенин айткан эмес.

Бишкек милициясы 2-апрелде Горький гүлбагынан кармалган митингчилер Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш менен баруу үчүн чагымчылдык кылып, милициянын эскертүүсүнө кулак салбаганы үчүн кармалганын маалымдады. Бирок митингчилер өздөрү, ал жердеги журналисттер жөө жүрүш тууралуу сөз да болбогонун белгилешүүдө.

Милиция ошондой эле Орусияны колдоп чыккандар Горький гүлбагында митингди тынч өткөрүп, тарап кетишкени үчүн аларга чара көрбөгөнүн билдирди.

5-мартта Орусия элчилигинин алдында жарандык активисттер тобу Орусиянын Украинада согуш жүргүзүшүнө каршы акция өткөрүшкөн. Алардын бири Мирлан Асакеевди милиция кармап кетип, Жазык кодексинин "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде 3 миң сом айыппул салган.

7-мартта ошол эле жерде Орусияны колдогон акция өткөн. Алардын эч кимиси кармалган эмес.

Бишкек милициясынын Орусиянын элчилигинин, парламент жана өкмөт имараттарынын, борбордук аянттын аймагында 11-марттан 11-апрелге чейин акция өткөрүүгө тыюу салган чечимин 16-мартта Биринчи май райондук соту күчүндө калтырган.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG