Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Украиналык белгилүү фотограф Макс Левин набыт болду


Ирпень шаарындагы эвакуация. Левин тарткан сүрөт. 3-март 2022-жыл
Ирпень шаарындагы эвакуация. Левин тарткан сүрөт. 3-март 2022-жыл

Киев олбусунда украиналык белгилүү фотограф жана документалист Макс Левин набыт болду. Бул тууралуу украин президентинин жардамчысы Андрей Ермак 2-апрелде билдирди. 13-мартта ал орус армиясынын кол салуусунун кесепеттерин сүрөткө тартуу үчүн Гута Межигорская деген айыл тарапка барган. Көп узабай аймакта салгылашуулар жанданып, Левин байланышка чыкпай калган. 40 жаштагы фотографтын сөөгү 1-апрелде табылды.

Чек арасыз кабарчылар уюму Орусия согуш баштагандан бери Украинада 6 журналист мерт кеткенин, "журналисттерди бутага алуу согуш кылмышы болуп эсептелерин" билдирди. Уюм Левин куралсыз, "пресса" деген жазуусу бар желеткени кийип жүргөнүн баса белгиледи.

Украинанын башкы прокуратурасы алдын ала маалыматтарга таянып, орус армиясынын аскери ага эки ок чыгарганын билдирди.

Маркум LB.UA, Reuters, Би-би-си, Associated Press жана башка украиналык жана эл аралык маалымат каражаттары менен иштеген. Ал тарткан сүрөттөрдү The Wall Street Journal, The Moscow Time, Vatican news, Радио Свобода басып чыгарышкан.

Левиндин аркасында 4 баласы калды.

Өткөн айда Киевдин жака белинде америкалык Fox News телеканалынын оператору, фотограф Пьер Закржевский окко учкан. Украин Ички иштер министрлиги ал орус аскерлеринин аткылоосуна кабылган болушу ыктымал деп билдирген. Көз карандысыз булактар бул маалыматты бышыктаган эмес.

23-мартта украин башкалаасында орусиялык The Insider басылмасынын журналисти Оксана Баулинанын каза тапканы белгилүү болгон. Маркум орус армиясынын чабуулунан кийинки кыйроолорду тартып жүргөндө ракетанын аткылоосу алдында калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG