Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Украина Орусиянын Белгород шаарындагы өрткө тиешеси жоктугун билдирди


Белгороддогу нефтебаза. Орусия, 1-апрель 2022-жыл
Белгороддогу нефтебаза. Орусия, 1-апрель 2022-жыл

Украинанын Орусиянын Белгород шаарындагы күйүүчү май базасында болгон өрткө тиешеси жок. Бул тууралуу украин Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирди.

“Алар (Орусия-ред.) эмнегедир биз кылган иш деп айтып жатышат. Бул чындыкка коошпойт. Муну комментарийлебейбиз”, - деди.

Буга чейин украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Белгороддогу өрткө Украинанын тиешеси тууралуу маалыматты ырастап да, төгүндөп да албасын Reuters агенттигине айткан. Ушундай эле позициясын украин Коргоо министрлиги билдирген.

1-апрелде эртең менен «Роснефттин» Белгороддогу мунай кампасында өрт тутанган. Облус губернатору Вячеслав Гладковдун айтымында, украин тараптан келген эки тик учак сокку урган.

Бир нече күн мурун Белгород облусунда жардыруулар болгондо себебин курал-жарак кампасында чыккан өрт менен түшүндүрүшкөн.

Өткөн аптада сөз болгон аймактын Украина менен чек арага жакын жердеги бир нече айылында чукул кырдаал режими киргизилген. Анын алдына губернатор украиналык делген дүрмөт жарылганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG