Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Кадамжайда магистралдык каналдын курулушу башталды


Магистралык канал курулуучу жер. Кадамжай району. Баткен. 2-апрель, 2022-жыл.
Магистралык канал курулуучу жер. Кадамжай району. Баткен. 2-апрель, 2022-жыл.

Кадамжай районунун Алгадакам тилкесинде магистралдык каналдын курулушу менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Жапаров барган кезде канал өтүүчү тоо жардырылды.

Өкмөт башчы президенттин салам-дубайын айтып жатып, бул каналдын аймактын эли үчүн мааниси чоңдугун белгилеп кетти. Акылбек Жапаров былтыртан бери жалпы өлкөдө ирригациялык системаларды жакшыртууга бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөнүн айтты.

"Сиздер өзгөчө бир чоң долбоорду баштап жатасыздар. Бул облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым. Министрлер кабинети мындай долбоорлорду кош колдоп кубаттайт. Биз жалпы өлкөдө 30 чакан ГЭС курууну көздөп турабыз. Сууну жана күндү энергия алуу максатында пайдалануубуз керек. Ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү зарыл".

Жапаров өкмөт өз күчү менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатканын, Кумтөр алтын кенинин ийгиликтүү иши жана бюджет кызматкерлеринин айлык акысынын жогорулашы тууралуу да айтып кетти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай магистралдык каналынын курулушу менен аймактагы 4200 гектар жер сугат жерге айланат. Ирригациялык аймактын узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы баасы - 634,2 млн. сомдун айланасында. Долбоор коомдук бирикменин жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG