Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Токаев менен Путин согуш башталгандан бери экинчи ирет телефондон сүйлөштү


Токаев жана Путин.
Токаев жана Путин.

Казакстан жана Орусия президенттери телефон сүйлөшүүсүндө соода-экономикалык кызматташтыкты жана Украинадагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу билдирген Кремл жана Акордо сүйлөшүүгө кайсы тарап демилгечи болгонун маалымдашкан жок.

Орус президентинин кеңсеси билдиргендей, Путин Токаевди “Донбассты коргоо боюнча атайын операциянын” жүрүшү, Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат берди.

Ал эми Акордо “Украинанын нейтралдуу, эч кандай блокторго кошулбаган, ядролук куралсыз макамына жетүү келишимдеринин маанилүүлүгү тууралуу” айтылды деген жалпы сөздөр камтылган билдирүү жасады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматы жазды.

Орусия Укрианага басып киргенден бери Путин менен Токаев ушуну менен экинчи жолу телефондон пикир алмашты.

Расмий Нур-Султан нейтралдуулугун билдирип келгени менен, Орусиянын кошуна өлкөгө кол салуусун ачык айыптоодон карманууда. Казакстан ошондой эле украин жергесине гуманитардык жардам жөнөткөн.

Казакстан Орусиянын ири соода өнөктөштөрүнүн бири, эки өлкө ортосундагы чек ара 7600 километрди түзөт.

Үстүбүздөгү аптада казак прездентинин администрация башчысынын орун басары Тимур Сулейменов Нур-Султан Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербейт, Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтайт, Крымдын аннексиясын, Донбасстагы жикчил аймактардын көз карандысыздыгын тааныбайт деп билдирген.

Аткаминер ошондой эле Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Орусия менен экономикалык кызматташтыгын уланта берерин кошумчалаган.

Москва Украинага каршы баскынчылыгын “атайын операция” деп атап “согуш” деген сөздү пайдаланууга тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG