Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Орус аскерлеринен бошотулган Бучада жай тургундар көп өлгөнү кабарланды


Буча шаарынын көчөсү. Украина. 1-апрель, 2022-жыл.
Буча шаарынын көчөсү. Украина. 1-апрель, 2022-жыл.

Орус аскерлери бир айдан ашык ээлеп турушкан Буча шаарында ондогон, балким жүздөгөн жай тургундар набыт болгону кабарланууда. Украин аскерлери шаарга 1-апрелде киргенден кийин соцтармактарда Бучадагы көчөдө өлүп жаткан адамдардын сөөктөрү тартылган сүрөттөр менен видеолор пайда болду.

Ишембиде шаарга Reuters менен AFP агенттигинин кабарчылары да кирген, алар да көчөлөрдө жай тургундардын сөөктөрү көп экенин ырасташты.

Өлгөндөрдүн айрымдарын туугандары тааныган. Алардын көпчүлүгү минага жарылып набыт болсо, арасында башына атылган октон өлгөндөрү да, колдору таңылган боюнча өлгөндөрү да бардыгы айтылууда. Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк аларды орус аскерлери өлтүргөн деп божомолун "Твиттерге" жазды.

Буча шаарынын мэри 300дөй сөөк бир мүрзөгө коюлганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Reuters агенттигинин Бучадагы кыргын тууралуу суроосуна жооп бере элек.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG