Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Литва биринчилерден болуп Орусиянын газынан баш тартты


"Көз карандысыздык" деп аталган газ терминалы. Клайпеда порту.
"Көз карандысыздык" деп аталган газ терминалы. Клайпеда порту.

Литва 1-апрелден тартып Орусиянын газын импорттоодон толугу менен баш тартарын билдирди. Литванын Энергетика министрлиги Москванын газ үчүн рубль менен төлөө талабы маанисиз экенин маалымдады.

Эми Литванын газга суроо-талабы Клайпеда портундагы терминал аркылуу көгүлтүр отту сатып алуу менен канааттандырылат. Бул терминал 2014-жылы курулуп, "Көз карандысыздык" деп аталган. Зарылчылык болсо Латвиядан жана Польшадан газ алынары айтылдыю

Литва - Евробиримдиктеги Орусиянын газынан толугу менен баш тарткан биринчи өлкө.

Энергетика министри Дайниус Крэйвис орус газынан баш тартуу - Литванын энергетикалык көз карандысыздыгынын бурулуш чекити болгонун белгиледи.

"Апрелден баштап Литвада орус газы болбойт. Көп жылдар мурун менин өлкөм кабыл алган чечим бизге бүгүн агрессор менен энергетикалык байланышты эч кыйынчылыксыз үзүп коюуга шарт түзүп берди. Биз баш тарта алдыкпы, демек бүт Европа баш тарта алат", - деди Литванын президенти Гитанас Науседа.

Украинага Орусия басып киргенден бери расмий Вильнюс Москвага басымды күчөтүүнү колдоп келет. Анын ичинде орус мунайы менен газына эмбарго киргизүү да бар. Бирок Евробиримдиктин көптөгөн мүчөлөрү Орусиянын газы менен мунайынан баш тарта албасын билдиришүүдө.

Орус президенти Владимир Путин 31-мартта "дос эмес өлкөлөр" үчүн газды рубль менен сатуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлык 1-апрелден тарта күчүнө кирген, 10-апрелден гана ишке аша баштайт. Ага чейин Орусиянын Борбордук банкы рубль менен төлөө тартибин иштеп чыгат. Ага ылайык, Европа өлкөлөрү жана Жапония Газпромбанкта эки эсеп ачууга милдеттүү: бири - буга чейин газга төлөп келген валютада, экинчиси - рубль менен.

Чет өлкөлүк валюта эсебине түшкөн акчаны Газпромбанк өзү Москва биржасында рублге сатат. Андан кийин гана газ үчүн "Газпромго" которот. Бул схема - Орусия үчүн газды рублге сатып жатабыз деп айтууга, ал эми сатып алуучуларга мурдагы эле валюта менен алууга жол ачат.

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү газ үчүн рубль менен төлөөгө макул эместигин билдиришкен. Франциянын финансы министри Брюно лё Мэр Париж менен Берлин Орусиянын жаңы схемасын кабыл албасын айткан. Кремл болсо анда газды "бекер бербесин" айтып коркутууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG