Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Украинадагы согушка каршы митингге чыккандардын көпчүлүгү акталды


Милиция кармаган жарандык активисттер. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.
Милиция кармаган жарандык активисттер. Бишкек. 2-апрель, 2022-жыл.

3-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Украинадагы согушка каршы Горький паркына митингге чыккандардын айрымдарын актады. Алардын катарында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров, жарандык активист Бурул Усманали, Айзирек Алмазбекова жана дагы активисттер бар.

Алардын баарына Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") боюнча иш козголгон. Биринчи Май райондук соту буларды "иштин курамында укук бузуу жок" деген жүйө менен актап, ишти кыскартканын "Кылым шамы" укук коргоо уюмунан "Азаттыкка" кабарлашты.

2-апрелде Бишкекте Украинадагы согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Горький гүлбагына чогулган жарандык активисттер "Согушту токтот!", "Согушка жол жок!", "Путин, согушту токтот!" деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскерткен. Көп өтпөй митингчилерди кармап, Биринчи май райондук милициясына алып барышкан.

Ушул эле гүлбакта түшкө чейин Орусияны колдогон он чакты адам митингге чыккан. Аларга милиция да, бийлик өкүлдөрү да тыюу салынган чечим бар экенин айткан эмес.

Бишкек милициясы 2-апрелде Горький гүлбагынан кармалган митингчилер Орусиянын элчилигине чейин жөө жүрүш менен баруу максатында чагымчылдык кылып, милициянын эскертүүсүнө кулак салбаганы үчүн кармалганын маалымдады. Бирок митингчилер өздөрү, ал жердеги журналисттер жөө жүрүш тууралуу сөз да болбогонун белгилешүүдө.

Милиция Орусияны колдоп чыккандар Горький гүлбагында митингди тынч өткөрүп, тарап кетишкени үчүн аларга чара көрбөгөнүн билдирди.

Бишкек милициясынын Орусиянын элчилигинин, парламент жана өкмөт имараттарынын, борбордук аянттын аймагында 11-марттан 11-апрелге чейин акция өткөрүүгө тыюу салган чечимин 16-мартта Биринчи май райондук соту күчүндө калтырган.

Согуш башталгандан бери Украинада эки тараптан тең миңдеген адамдар каза таап, 4 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет. ((ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG