Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

АКШ Орусияны Адам укуктары боюнча кеңештен чыгарууга аракеттенет


Буча шаары. 3-апрель, 2022-жыл
Буча шаары. 3-апрель, 2022-жыл

АКШ Орусияны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу аракетин көрөт.

“Орусиянын кеңешке мүчө болуусу - мазактоо. Ал өлкөнү чыгаруу маселесин БУУнун Башкы ассамблеясында добушка салуу үчүн убакыт келди деп ойлойм”, - деп айтты АКШнын элчиси Линда Томас-Гринфилд 4-апрелде Бухаресттеги сапары учурда.

Дипломат украин качкындарынын абалы менен таанышуу үчүн Румынияга барган. Мунун алдында орус аскерлери Киевдин жанындагы Буча шаарында ондогон жай тургундарды өлтүрүшкөнү тууралуу маалыматтар тараган.

Орусияны сөз болгон кеңештен чыгаруу үчүн 193 мүчө-мамлекеттин бери дегенде үчтөн эки бөлүгү сунушту колдоого тийиш. Мүчөлүктөн чыгарууга өлкөнүн адам укуктарын улам-улам бузушу негиз боло алат.

“Бучада тартылган сүрөттөр, Украинадагы кыйроолор дүйнөнүн аракет көрүүсүн талап кылат”, - деди Томас-Гринфилд.

Бир айдай орус армиясынын оккупациясында болуп келген шаарчада расмий маалыматка караганда, карапайым кишилердин сөөктөрү табылган.

Бучанын мэри Анатолий Федорук ал жерде 300дөй жергиликтүү тургундун көзүн тазалашканын, 280дей сөөктү жапырт көмүп салышканын айткан.

Орусия айыптоолорду четке кагып, ал маалыматтарды “провокация” деп атап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG