Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө


Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 5-апрель, 2022
Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 5-апрель, 2022

Кыргыз Эл артисти, белгилүү актёр Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп жатат. Ага мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов жана кесиптештери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маркумдун жакындары катышууда.

Марат Алышпаев 75 жаш курагында 4-апрелде дүйнөдөн кайткан.

Ал соңку жылдары ооруп жүргөн, 2021-жылы жайында омурткасында шишик пайда болуп операция болгонун "Азаттыкка" курган маегинде билдирген.

Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Саруу айылында туулган. 1972-жылы Орусиянын Москва шаарындагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүткөн. 1972-жылы Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында эмгек жолун баштаган. 1991-1997-жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын, 2010-2014-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрын жетектеген.

Өмүрүнүн соңку жылдары Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.

Классикалык чыгармалардан Шекспирдин атактуу “Гамлет” трагедиясында Гамлеттин, "Король Лир", "Ричард III" чыгармаларында башкы каармандарды, Гоголдун "Текшерүүчү" драмасында Хлестаковдун ролун жараткан. 2021-жылы режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” тасмасында башкы ролду аткарган. (MZh)

XS
SM
MD
LG