Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Байсалов Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотууга каршы чыкты


Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунда.
Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунун жабылышында сүйлөп жатып, Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Байсалов БУУнун аймактык комиссиясынын быйылкы форумуна төрагалык кылды.

"Төрага катары мен сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга жана коргоого чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт", - деген Байсалов.

БУУнун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарууга макулдугун берди. 7-апрелде тиешелүү резолюцияны Башкы ассамблеяга мүчө 193 мамлекеттин 93ү колдоду. Орусиядан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу 24 өлкө каршы болду. 51 мамлекет добуш берүүдөн карманып, калыс калды.

16-мартта Орусия Европа кеңешинен да чыгарылган болчу.

Европа экономикалык комиссиясы 1947-жылы БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн. 56 мамлекет кошулган уюмга Кыргызстан 1993-жылы мүчө болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG