Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Аквапарктагы өлүм боюнча кылмыш иши кыскартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы эс алуу жайында катталган адам өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

"Кылмыш иши тараптардын жарашуусунун негизинде токтотулуп, айыпталуучу менен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Соттун аныктамасы тараптар тарабынан даттанылган эмес жана мыйзамдуу күчүнө кирди", - деп айтылат маалыматта.

Соттун токтому өткөн жылы 20-декабрда кабыл алынган.

2021-жылы 27-июлда “Дельфин де Люкс” эс алуу борборунун көл жээгинде жайгашкан аквапаркына суу толтуруп жаткан учурда диаметри 50 сантиметрлик түтүк ошол учурда көлгө түшүп жаткан 18 жаштагы жигитти соруп кеткен.

Эс алуу борборунун жетекчиси Айдар Текебаевге эки кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG