Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө каражат берет


Дүйнөлүк банк бере турган 50 млн. доллардын жарымы жардам иретинде, калган бөлүгү насыя түрүндө берилет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, насыянын пайыздык чени 0, 75% түзөт.

Насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Министрдин орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, аймакты өнүктүрүү долбоору 2027-жылга чейин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылат.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 18-апрелде Баткен облусунда "Экономикалык региондук өнүктүрүүнүн экинчи долбоору" боюнча Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун карады. Баткенди өнүктүрүү долбоорун АРИСке берүү сунушун айрым депутаттар сынга алууда.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдаров чукул чечим кабыл алуудан карманып турууну, АРИСтин ишмердүүлүгүн талдап чыгууну сунуштаган. Эл өкүлдөрү АРИСтин 2003-жылдан берки 19 жыл ичиндеги аткарган жумуштарын карап чыкмай болду.

Комитеттеги сунуш, пикирлерди эске алуу менен макулдашуунун долбоору колдоо тапты.

Президент Садыр Жапаров “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамга өткөн жылы сентябрда кол койгон. Анда жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын эки миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү каралып жатканы айтылган.

Өкмөт чек ара чырынан жабыркаган бул аймакты өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар долбоорлор даярдалганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG