Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

БУУ: Украинанын 5 миллион жараны мекенинен качууга аргасыз болду


Румынияга качып бараткан баласын көтөргөн украиналык аял.
Румынияга качып бараткан баласын көтөргөн украиналык аял.

Согуш башталганы мекенинен тышка качууга аргасыз болгон украиналыктардын саны 5 миллиондон ашты. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун качкындар агенттигинин маалымат катчысы Шабиа Манту 20-апрелде билдирди:

"Тышка качууга аргасыз болгондордун саны күн сайын өсүп жатат. Эки айдын ичинде Украина калкынын төрттөн бир бөлүгү, башкача айтканда, 12 миллион адам качкынга айланды. Алардын 5 миллиону тышка агылса, 7,5 миллиону ички качкынга айланган. Бул согуштун айынан миллиондогон адамдын тагдыры бузулду".

Уюмдун маалыматына ылайык, качкындардын 90% аялдар жана балдар түзөт. Анткени украин бийлиги 18-60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Баарынан көп качкындарды Польша кабыл алды. Варшавага жалпысынан 2,83 миллион украин бозгуну барды. Румынияга 757 миң адам кирди. Венгрия 471 миң украиналык качкынды кабыл алды.

Украина менен Румыниянын ортосунда орун алган, Европадагы эң жакыр мамлекет саналган Молдовага жарым миллиондой качкын кирген. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG