Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Бишкекте президенттик администрация уюштурган футбол турнири өтөт


Президент катышкан 17-декабрдагы турнир.
Президент катышкан 17-декабрдагы турнир.

4-5-майда Бишкекте кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы уюштурган “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу кышкы жана жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда ойнойт. Алар - президент Жапаров башында турган – “Президенттин администрациясы”, маданият ишмерлеринен түзүлгөн – “Өнөр”, бизнестин өкүлдөрүнөн – "Бизнес”, ЖМК өкүлдөрүнөн – “Журналисттер”, футбол ардагерлеринен – “Алга”, спорттук федерациялардын жетекчилеринен – “Спорттук федерациялар”, парламенттин депутаттарынан – “Жогорку Кеңеш”, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдеринен – “Аймактар”, дин өкүлдөрүнөн – “Ыйман”, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилеринен – “Элчилер”, ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлеринен – “Ден соолук”, ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлорунан турган “Билим” командалары катышат.

Турнирге 40 жаштан жогорку жетекчилер катышат. Оюн КТРК, КТРК Спорт телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюндар өтүп, анда президент Садыр Жапаров да ойногон. Биринчи орунду "Өнөр" командасы алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG