Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

Түндүк-Түштүк жолунда таш кулап, жол жүрүү кооптуу болуп жатканы айтылды


Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автоунаа жолунан таш кулап, жол жүрүү өтө кооптуу болуп жатат. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы 21-апрелде парламенттин отурумунда билдирди.

"Жумгалдан Казарманга чейинки жол бүттү. Бирок ал жол менен жүрүү кооптуу болуп жатат. Таш кулап, автоунаалар жабыркап жатат", - деди Исатбек кызы.

Транспорт жана комуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаевдин айтуусунда, жол шашылыш салынгандыктан, кооптуу жерлер бар. 23-апрелде министрликтин кызматкерлери Көгарт ашуусуна чейин барып, жолдун абалын көрүп чыгышат.

Былтыр ноябрда Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки 100 чакырым аралыгы колдонууга берилген.

Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстандын эки аймагын байланыштырган, альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.

Жолдун Казармандан Жалал-Абадга чейин 154 чакырымы толук бүтүп, Көгарт ашуусундагы тоннель казылып бүтө электигине байланыштуу ишке берилбей турат. Ушул жылдын башында тоннелдеги жолдун (штольня) өтмөгү казылып бүттү. Транспорт министрлиги ал ноябрда ишке берилет деп ишендирүүдө.

Ал эми альтернативдүү жолдун Жумгалдын Арал айылынан Балыкчыга чейинки аралыгы бүтө элек. Жумгал районунун тургундары жол салуунун создугуп кеткенине нааразылык билдирип келишет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG