Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Аба ырайы: көпчүлүк аймакта күн ачык болот


Kyrgyzstan - weather - nature - water - Papan reservoir (Papan suu saktagychy), is a reservoir of the river. Ak-Buura. April 17, 2022
Kyrgyzstan - weather - nature - water - Papan reservoir (Papan suu saktagychy), is a reservoir of the river. Ak-Buura. April 17, 2022

Чукул билдирүү

25-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болуп, маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөп, кээ бир жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Айрым облустарда нөшөр жаан жаап, сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө ылайык, 22-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 22…24 градус болот. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG