Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Ооганстандагы жардырууга "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алды


Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 21-апрель, 2022-жыл.
Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 21-апрель, 2022-жыл.

21-апрелде Ооганстанданын бир катар аймактарында болгон жардырууларда он беш кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адам жабыркады.

Өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруу 11 адамдын өмүрүн алды. Жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, 30дан ашуун киши адам жарадар болду.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топ алды.

Ушул эле күнү Кундуз шаарында болгон жардырууда төрт киши курман болду. Жыйырма чакты адам жаракат алды.

Баш калаа Кабулдагы негизинен шийилер отурукташкан райондо уюштурулган жардыруудан эки бала жабыркады.

Кундуз жана Кабулдагы калабалар үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Улуттар уюмунун Ооганстандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ричард Беннет жардырууларды айыптады.

Ал мектептер жана мечиттер бутага алынганын айтып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG