Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Кабулдагы жардыруудан эки бала жараат алды


Жардыруу болгон аймакта турган "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) полициячысы. Кабул. 19-апрель, 2022-жыл.
Жардыруу болгон аймакта турган "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) полициячысы. Кабул. 19-апрель, 2022-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда жол боюндагы жардырууда кеминде эки бала жараат алды. Ушуну менен жума ичинде баш калаада бешинчи жолу жардыруу болду.

Кабулдагы талибдердин полициясынын өкүлү Халид Задран «Азаттыктын» ооган кызматына билдиргендей, жардыруу негизинен шийи хазарлар отурукташкан аймакта болгон.

Азырынча окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Эки күн мурда ушул эле аймакта болгон жардыруу алты кишинин өмүрүн алып, 20 адам жаракат алган.

Калаба студенттер университеттен чыгып бараткан маалда болгон.

Исламдын шийи багытын карманган хазарлар Ооганстандын 36 миллиондой калкынын 10% түзөт. Төрт миллионго жетпеген хазарлар саны боюнча өлкөдө үчүнчү орунда турган этникалык топ.

Аларга каршы чабуулдарды негизинен өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган радикал тобу уюштуруп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG