Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

ИИМ базардан адам уурдагандар кылмыштуу топко мүчө экенин маалымдады


Видеодон скриншот.
Видеодон скриншот.

Бишкектеги базарлардын биринен адамды уруп-согуп, күч менен автоунаага салып кеткен адамдардын бири кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта базарлардын биринен үч киши бир адамды уруп-согуп, күч менен машинеге салып белгисиз жакка алып кеткен видео тараган.

ИИМ билдиргендей, иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучунун жана шектүүлөрдүн аты-жөнү, окуянын жагдайы аныкталган. Жалал-Абад облусунда туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 37 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган.

Факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Министрлик уурдалган кишинин тек-жайын, кайда экенин, анын табылган-табылбаганын тактаган жок.

Азыр кылмышка катышкан башка адамдарды издөө иштери улантылып жатканы тууралуу маалымат берүү менен чектелди. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG