Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Блогер Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды  


Батмакан Жолболдуева Ош шаардык сотунда. 21-апрель, 2022-жыл
Батмакан Жолболдуева Ош шаардык сотунда. 21-апрель, 2022-жыл

Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык сотунда”Батма-бат” YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы каралып, 26-майга чейин камакта калтырылды.

Анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева соттун чечими менен макул эместигин “Азаттыкка” айтып, облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

Милиция журналист Арзыгүл Галымбетова күтүүсүз каза болгондон кийин, ал 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева өзүн каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган. Ушул арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, 28-мартта Батмакан Жолболдуева кармалып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ал 12-апрелде Баткен районунда милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйууга аракет кылып, билегин кескенин ырсталган.

Жолболдуеванын ишин Ош облустук милициясы тергемей болуп, анын иши 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко которулган.

49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерүү учурундагы видеолорун жарыялап турган.

Өткөн айда ал президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айтып чыккан. Ураимов дооматтарды четке каккан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирген. (AAb\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG