Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Курман айт быйыл июлдун тогузунда же онунда болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Курман айт майрамы 9-июлда же 10-июлда болот. Бул тууралуу 21-апрелде АКИpress маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда быйылкы ажылык сапарды уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Орозо айт майрамы 2-майга белгиленди. Ислам шариатына ылайык, Орозо айынын аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Быйылкы ажылык зыяраттын баасы 4,5 миң доллар деп аныкталды. Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлдү.

Май майрамдарына байланыштуу быйыл Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөр болорун өкмөт маалымдаган. 1-май - Эмгек күнү, 5-май - Конституция күнү, 9-май - Улуу Жеңиш күнү. (RK)

XS
SM
MD
LG