Кыргызгидромет борбору 24-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт деп кабарлады. Күндүз көпчүлүк облустарда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6°.
Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 21…23°.