Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Жогорку кызматкерлердин жарандыгын текшерген мыйзам долбоору даярдалды


Кыргыз паспорту.
Кыргыз паспорту.

Кыргызстанда парламент депутаты, судья, укук коргоо органдары жана жогорку кызмат адамдарынын жарандыгын тыкыр текшерген мыйзам долбоору даярдалды. Парламенттин сайтында “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.

Ондой депутат демилгечи болгон мыйзам долбоорунун негиздемесинде мамлекеттик сыр, коопсуздук үчүн жогорку кызматка талапкерлердин жарандыгы тыкыр текшерилери белгиленген.

Буга чейин депутаттар жана жогорку кызмат адамдарынын башка өлкөнү жараны деп айыпталып, тастыкталган учурлар болгон.

Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Ошондой эле мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт.

Аткаминердин кош жарандыгы билинип калган учурда кызматынан алынганы болбосо, жоопкерчиликке тартылган учурлар аз. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG