Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Акыйкатчы институту менен балдардын укугун коргоочулар Меморандумга кол койду


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстандагы балдардын укугун коргогон Асел Чынбаева жана башка укук коргоочуларга жолукту. Анда майыптыгы бар балдардын укугун коргоо жана дискриминацияга жол бербөө тууралуу сөз болгонун Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда укук коргоочулар менен Акыйкатчы институтунун ортосунда өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу, жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындан сырткары ар бир көйгөй боюнча профилдик жолугушууларды өткөрүү зарылдыгы айтылды.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын балдарга карата бардык аракеттери баланын кызыкчылыгы үчүн гана жасалышы керектигин айтты.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Чынбаева белгилегендей, жалпы балдар, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен интенсивдүү иштерди жүргүзүү зарыл.

Кыргызстанда 34 миңге чамалуу баланын майыптыгы бар. Алардын басымдуу бөлүгү кыздар. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы 293 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG