Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

SIPRI: дүйнөдө коргонууга кеткен чыгым 2 триллион доллардан ашты


Ирандагы радар системасы. 2020-жыл. Архивдик сүрөт.
Ирандагы радар системасы. 2020-жыл. Архивдик сүрөт.

Былтыр дүйнө жүзүндө коргонууга кеткен чыгым биринчи жолу тарыхта 2 триллион доллардан ашты. Стокголмдогу тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) дүйшөмбү күнү жарык көргөн докладында 2020-жыл менен салыштырганда коргоо тармагына кеткен каражат 0,7% өскөнүн белгиледи.

АКШнын бул чөйрөдөгү чыгымы жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтүн 38% түздү. Андан кийинки орунда Кытай, Индия, Британия турат.

SIPRIнин маалыматына караганда, Иран 2021-жылы аскердик тармакка кеткен каражатын 11% көбөйтүп, 14-сапка жайгашты.

Орусия коргонууга эң көп каражат жумшаган өлкөлөрдүн бештигине кирди. Москва былтыр бул жааттагы чыгымын 2,9% көбөйтүп, жалпы сан 65,9 миллиард долларды түздү. Бул ички дүң өнүмдүн 4,1% барабар. Каражаттын көбөйүшү Орусиянын Украинага басып кирүүгө даярдык көрүп жаткан маалга туш келет.

Ал эми Украинада өткөн жылы коргоо тармагына кеткен каражат тескерисинче азайып, 5,9 миллиард долларга жеткен. Бул сан ички дүң өнүмдүн 3,2% түзөт.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG