Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу 243 киши соттолду


Президенттин Алматыдагы резиденциясы. 6-январь, 2022-жыл.
Президенттин Алматыдагы резиденциясы. 6-январь, 2022-жыл.

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында 243 киши соттолду.

Бул тууралуу 25-апрелдеги брифингде Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы билдирди. Бирок канча киши эркинен ажыратылганын айткан жок. Маалыматка караганда, бардыгы болуп сотко 265 кылмыш иши жөнөтүлгөн.

19-апрелде 214 кишиге өкүм чыкканы белгилүү болгон, анын ичинен 20 киши абакка кесилген.

Башкы прокуратура ушу тапта 585 шектүү кармоочу жайларда отурганын билдирди. Тергөөчүлөр алар «имараттарды талкалоо, өрт коюу, ок чыгарган курал-жаракты уурдоо, мамлекеттик жайларга жана күч органдарынын өкүлдөрүнө кол салууга активдүү катышкан» деп эсептейт.

Прокуратура 25-апрелге карай Январь окуялары боюнча 5 миң 41 иш тергелип жатканын, 49у массалык башаламандыкка, 45и террорчулукка байланышкан иштер экенин тактай кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG