Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Улуттук хирургия борборунан качкан шектүү кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин алдамчылыкка шек саналып 1997-жылы туулган Э.Н. аттуу жигит өзүн жаман сезип жатканын айткан. Аны 26-апрелде Бишкектин ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын коштоочулары ооруканага алып кеткен.

Кечки саат 8дер чамасында жигит качып кетип, издөөгө алынган. Бир нече сааттан кийин шектүүАламүдүн-1 кичи районунда жашынып жүргөн жеринен кармалды.

Буга чейин 23-апрелде шектүүнүн үстүнөн Октябрь райондук милициясына арыз түшкөн. Анда 1997-жылы туулган Э.Н. 2020-жылдын 11-сентябрында шаардагы стоматологиялык борборлордун биринде иштейм деп алдап, брекет коюп берем деген убада менен 35 миңге жакын акчасын алган.

Аталган факт Октябрь райондук милициясында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG