Иерусалимде палестин демонстранттары менен израл күчтөрүнүн кагылышуусунан 42 адам жабыркады. Алардын жыйырмадан ашууну ооруканага жеткирилгенин Палестинадагы Кызыл Жарым Ай уюму 28-апрелде билдирди.
Израил полициясы билдиргендей, башаламандык "Ал-Акса" мечитинин айланасында болгон. Палестин демонстранттары жөөттөрдүн ыйык жайын көздөй таш ыргытышкан. Ал эми израил полициячылары аларга каршы желим окторду колдонуп, жаш чыгарчу газ чачкан.
Жөөттөр жана мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген жай бир нече жолу израил-палестин кагылышуусунун борборуна айланган.
Израил менен палестиндердин ортосундагы чыңалуу соңку апталарда курчуп кетти. «Ал-Акса» мечитинин айланасындагы кагылышуудан 250дөн ашуун адам жабыркады. Марттын соңунан бери бир катар теракттардын жыйынтыгында 14 израилдик көз жумду. Ал эми Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги израил аскерлеринин операциясы маалында ондогон палестиналыктын өмүрү кыйылды.
Чыгыш Иерусалимде жайгашкан "Ал-Акса" мечитинин айлана-тегереги 1967-жылкы согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Палестиналыктар бул аймакты болочок мамлекетинин бир бөлүгү катары санашат. (EzK)