Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Ирактын Курдистан аймагындагы мунай базасы аткыланды


Ирактын Курдистан автономдук районундагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирактын Курдистан автономдук районундагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирактын Курдистан автономдук районунун борбору Эрбил шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 1-майда алты ракета түштү. Бул тууралуу Күрдистандын антитеррордук органдары кабарлады.

Ракеталар Ирактын башка провинциясы - Ниневия тараптан атылган. KAR мунай компаниясына таандык заводдордун бир ыптасы өрттөндү, имараттар олуттуу жабыр тарткан эмес. Курмандыктар жөнүндө да маалымат айтылган жок. Ракеталар заводдун жанына тийгени такталды.

Эрбилдеги мунайды кайра иштетүүчү заводдорго 6-апрелде да үч ракета тийген.

Мартта Эрбил шаарын Иран ракета менен аткылаган. Тегеран өз кадамын Эрбилде “Израилге караштуу стратегиялык борбор бар экени” менен түшүндүргөн, күрд бийликтери муну төгүндөгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG