Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Украинадагы согушту сындаган орус олигархы банкын тарттырып жибергенин маалымдады


Олег Тиньков
Олег Тиньков

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинага согуш ачуу чечимин кескин сынга алган олигарх Олег Тиньков өзү негиздеген "Тинькофф Банктагы" 35% үлүшүн сатууга аргасыз болгонун маалымдады. Бул тууралуу ал The New York Times басылмасына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, согуш тууралуу жазган постунан кийин ага Кремлден телефон чалуу болгон. Алар банкты “улутташтыруу” тууралуу эскертип коркутушкан, банктын жетекчилиги аны негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгып кетүүнү суранган. Олигарх банктагы 35% үлүшү болгону анын үч пайызына барабар акчага сатылганын тактады. Аны Forbes журналынын версиясы боюнча Орусиядагы эң бай адамдардын экинчи катарында турган Владимир Потанин сатып алган.

“Мен баасын так айта албайм. Бул барымтадагыдай эле абал – сага сунуштаган гана нерсени аласың, сүйлөшкөнгө укугуң жок. Алар менин билдирүүмө байланыштуу мажбурлашты. Болбогон тыйынга саттым”,- деди Олег Тиньков басылмага курган маегинде.

19-апрелде Инстаграмга жазган билдирүүсүндө Олег Тиньков Орусиянын Украинага басып кириши, андан кийинки "акылсыз согуш" эч кандай пайда алып келбегенин жазган. “Мен бул акылсыз согуштан пайда тапкан эч кимди көргөн жокмун! Бейкүнөө адамдар жана аскерлер өлүп атат”,- деген оюн жазган. Тиньков ошондой эле Z белгисин колдонгондорду “келесоолор” деп сындап, алар калктын 10% гана түзөрүн, орусиялыктардын 90% бул “согушка каршы экенин” айткан.

22-апрелде "Тинькофф Банк" ребрендинг өткөрөрүн, банктын аталышынан анын негиздөөчүсүнүн фамилиясы өчүрүлөрүн маалымдаган.

“Блумбергдин” эсебинде, Тиньковдун байлыгы буга чейин 3,5 миллиард долларга барабар болгон. Ал Батыштын санкцияларына кабылганына карабастан, Орусиянын Украинага кол салышын сындап чыккан аз сандагы орус олигархтардын бири болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG