Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Одессага жасалган ракеталык чабуулда бир бала каза болгону кабарланды


Апрелдеги ракеталык чабуулдан кийин. Одесса.
Апрелдеги ракеталык чабуулдан кийин. Одесса.

Орусия дүйшөмбү күнү Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарына ракеталык сокку урду. Калаада кеминде эки күчтүү жардыруу угулганы кабарланууда. Ракеталардын так кайда тийгени маалымдалган жок.

Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко 13 жаштагы бала каза таап, 17 жаштагы кыз жарадар болгонун билдирди. Гончаренко башка да курмандыктар болушу болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Бул Одессага жасалган алгачкы ракеталык чабуул эмес. 30-апрелдеги аткылоодо жергиликтүү аэропорттун учуу тилкеси иштен чыккан. Андан бир апта мурун орусиялык ракета шаардын четиндеги турак жайга тийип, сегиз адам, анын ичинде үч айлык кыз, апасы жана чоң энеси каза болгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги ал күнү Одессанын жанындагы аскерий аэродромго “жогорку тактыктагы курал” тийгенин билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирип, өлкөнүн бир катар аймагында салгылашуу уланууда. Москва муну "атайын операция" деп атайт. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча агенттигинин эсебинде 5,5 украиналык бозгун болду.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын башкармалыгы Орусия кол салгандан бери Украинада 2889 адам өлгөнүн, 3235 адам жараат алганын билдирүүдө. Украинанын расмий бийлиги курмандыктар мындан бир нече эсе көп экенин маалымдап келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG