Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Жумаев: маалымат каражаттарын өз жана бөтөн деп бөлбөйбүз


Президенттин басма сөз жыйын. Октябрь, 2021-жыл.
Президенттин басма сөз жыйын. Октябрь, 2021-жыл.

Президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев бүгүнкү бийлик Кыргызстандагы маалымат каражаттарын "өз жана бөтөн" деп бөлбөй турганын айтты. Мындай пикирин журналист Майраш Базлакунованын Ютубдагы каналына курган маегинде билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүн утурлай жарыяланган интервьюда Жумаев буга чейинки президенттердин тушунда маалымат тармагын тейлеген жетекчилердин же мамлекет башчыга, премьер-министрге жакын адамдардын таасири менен журналисттерди бөлүп караган мамиле болгонун белгиледи.

3-май - басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. Бул күн БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

“Медиа полиси институ" 2020-жылы октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, апрелде атайын баяндамасын жарыялаган. Анда Temirov.Live, Kaktus.Media жана Next TV телеканалына козголгон кылмыш иштери белгиленип, интернет троллдор аркылуу социалдык тармактарда журналист, блогерлерди каралоо күч алганы жазылган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап, саясий айдыңда авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эл аралык Human Rights Watch жана Helsinki Committee уюмдары Кыргызстандын бийлигин көз карандысыз журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктоону токтотууга чакырган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG