Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Улуттук анимациянын негиздөөчүсү Сагынбек Ишеновдун музейи ачылды


Сагынбек Ишенов - ортодо.
Сагынбек Ишенов - ортодо.

Кыргыз Эл артисти, алгачкы кыргыз мультипликатору Сагынбек Ишеновдун тарыхый- этнографиялык музейи ачылды. Ага маданий ишмер тарткан бир топ сүрөттөр коюлду.

Чүйдүн Дөң-Арык айылында жайгашкан Калча орто мектебиндеги музейдин ачылышы 3-майда болгонун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Ачылышка сүрөтчү жана кинорежиссер, кыргыз улуттук анимациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишенов өзү, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана башка ишмерлер, жергиликтүү тургундар катышышты.

88 жаштагы Сагынбек Ишенов сүрөтчү жана режиссер катары "Космонавттар көчөсү", "Эң тил алчаак", "Сандардын чатагы", "Меке чал менен Кара дөө" өңдүү көптөгөн тасмаларды элге тартуулаган. (SE)

XS
SM
MD
LG