Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Венгриянын тышкы иштер министри "Достук" ордени менен сыйланды


Сийярто жана Жапаров. 3-май, 2022-жыл. Бишкек.
Сийярто жана Жапаров. 3-май, 2022-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону "Достук" ордени менен сыйлады. Мамлекет башчысы аны Бишкекте 3-майда кабыл алганын президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров венгер министринин эки тараптуу мамилени чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи:

"Биз буга Украинадан жүздөн ашуун жарандарыбызды эвакуациялоо учурунда дагы бир жолу ынандык", - деди президент.

Орусия Украинага басып киргенден кийин ал жактагы кыргыз жарандарынын көбү Венгрия аркылуу мекенине кайткан.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө.

Бишкекке 3-майда келген Петер Сийярто венгер экономикасы Кыргызстан менен кызматташуудан көп пайда көргөнүн белгилеген.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон.

Андан бир ай мурун президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда Европадан Венгрия менен мамиле бекемделип жатканын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG