Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Венгриянын тышкы иштер министри президент Жапаров менен жолукту


Петер Сийярто Бишкекке келген учуру. 3-май, 2022-жыл.
Петер Сийярто Бишкекке келген учуру. 3-май, 2022-жыл.

3-майда Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыш жана тышкы иштер министри Петер Сийярто келди. Ал президент Садыр Жапаров менен жолукканын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыялады.

"Венгрия, венгер экономикасы Кыргызстан менен кызматташуудан көп пайда көрдү. Акыркы жылдары биз мамилебизди жакшыртуу үчүн көп күч жумшадык. Бул аракеттерди президент Садыр Жапаровдун баалап жатканы чоң сыймык", - деп жазды Петер Сийярто.

Бишкекте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин экинчи жыйыны өтө турганын 2-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон. Ал кезде экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Петер Сийярто Будапешт-Бишкек авиакаттамы ачыларын, Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн 540 студентти акысыз окутуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгилеген.

Андан бир ай мурун президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда Европадан Венгрия менен мамиле бекемделип жатканын айткан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG