Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:33

Путин санкцияга кирген чет элдиктерге мунай сатууга тыюу салды


Владимир Путин Кемерово облусунда көмүр кенчилер менен жолуккан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Владимир Путин Кемерово облусунда көмүр кенчилер менен жолуккан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин орус экономикасына каршы санкция салган мамлекеттерге жооп санкцияны камтыган жарлыкка кол койду. Документ атайын тизмеге кирген чет элдик компанияларга ресурстарды жана продукцияларды сатууга тыюу салат.

Санкцияга кирчү тараптардын тизмесин өкмөт 10 күндүн ичинде түзөт. Ага кирген компаниялар менен жаңы келишимдерди түзүүгө жана түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттемелерди аткарууга чектөө коюлат.

Документте көрсөтүлгөндөй, тизмеге кирген чет элдиктер менен Орусиянын компаниялары эле эмес, жарандары да карым-катыш жүргүзө албайт. Бул чектөөлөр улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн киргизилип жатканы белгиленген.

Украинага кол салгандан кийин Орусияга каршы ондогон мамлекеттер санкция салган. Москва ага жооп кылып мартта “дос эмес” өлкөлөрдүн тизмесин түзгөн. Ага АКШ, Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү, Жапония, Микронезия жана Сан-Марино кирген.

Москвага каршы санкция киргизген мамлекеттер Орусиянын жаратылыш ресурстарына болгон көз карандылыкты кыскартуунун үстүндө иштеп жатышат. Биринчи кезекте Евробиримдиктеги мамлекеттер орус газын жана мунайын ташып келүүнү азайтууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG