Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган телефондон сүйлөштү  


Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган.

3-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефондон сүйлөштү.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүү Анкаранын демилгеси менен болду. Анын жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу багыттары жана кыргыз-түрк мамилелеринин келечеги талкууланды.

"Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркия президентинин сапарын күтүп жатканын жана мамлекеттер аралык жогорку кеңешмени Кыргызстанда өткөрүүнү пландап жатканын дагы бир жолу белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-түрк президенттери Бишкекте стратегиялык кызматташтыкты талкуулай турганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1-майда кабарлаган. Жолугушуу Кыргызстанда быйыл өтөт, бирок так датасы айтыла элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG