Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Лейлекте миң гектардай жерди чегиртке каптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат жана Кулунду айылдарында миң гектардай буудай, арпа аянттарын чегиртке каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна кабарлашты.

Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев тиешелүү кызматтар алдын албаса айыл четиндеги кайракы жерге айдалган дандан түшүм албай калуу коркунучу жаралганын билдирди.

Баткен облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын өкүлү Ачылбек Бекташовдун билдирүүсүндө, бул маселе боюнча адистер аймактарды кыдырып чыккан. 10-майдан кийин дарылоо иштери башталат.

“Дары-дармектер, техника жетиштүү. Чегиртке каптаган аймакта анализ жүргүздүк. Максат жана Кулунду аймагында миң гектардай аянтта чегиртке чыкканы аныкталды. Борбордук башкармалыка да маалымат берилген. Эрежеге ылайык чегирткелердин экинчи мууну чыкканга чейин дарылоо натыйжа бербегендиктен, иликтенип дарылоо ишин 10-майдан баштай турган болдук”, - деди ал.

Кыргызстанда эгинге залал келтирүүчү чегирткелер Фергана өрөөнү жана Казакстан менен чектешкен аймактарды мекендешет. Анын (саранча) алты түрү кездешет. Ургаачысы иштетилбеген талааларга 100-150 жумуртка таштайт. Алардын ар бири 47 күндө 100-150гө чейин көбөйүүгө жөндөмдүү. Чегиртке күнүнө 100 чакырымга чейин аралыкты учуп өтө алат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG