Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Ысык-Көлдө жол жээгиндеги беш гектар жер өрттөндү


Ысык-Көл облусунда чыккан өрт. 2-май, 2022-жыл
Ысык-Көл облусунда чыккан өрт. 2-май, 2022-жыл

2-майда Ысык-Көл облусунда Бишкек-Торугарт унаа жолунун жээгиндеги кургак чөп талаасын жана токойду от жалмаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынан эки өрт өчүрүүчү унаа, 22 куткаруучу тартылып, өрт чектөөгө алынган жана кечинде толугу менен өчүрүлгөн.

Жалпысынан беш гектар аянт күйгөн. Өрттүн себептери такталып жатканы маалымдалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн ысыганы жайыттарда жана эс алууга чыккан убакта өрт коопсуздугун сактоону эскертип келет.

Өткөн жыл ичинде Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, кыркка чукул киши каза болгон. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 17% көп. Өлкө боюнча 200дөй машине, эки миңдей өрт өчүрүүчү бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG