Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

"Медиа полиси институту" бийликти демократиядан тайбоого чакырды


Журналисттер президенттин басма сөз жыйынында. 23-октябрь, 2021-жыл.
Журналисттер президенттин басма сөз жыйынында. 23-октябрь, 2021-жыл.

"Медиа полиси институту" Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануусун билдирди. Уюм 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата тараткан билдирүүдө өлкөдө журналисттерди, маалымат каражаттарын куугунтуктоо күч алганы белгиленген.

Анда 2022-жылдын башынан бери маалымат каражаттарына, журналисттерге карата козголгон кылмыш иштери мисал келтирилип, бийликтин басымы катары сыпатталган. Ошондой эле журналисттердин социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын, электрондук почталарын, мессенжерлерин белгисиз кишилер бузуп кирүүгө байма-бай аракет кылып жатканы айтылат.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам, Коомдук телерадиоканалдын "улуттук" макам берүү аракети да сөз эркиндигинин начарлашы катары көрсөтүлгөн.

"Биз Кыргызстандын бийлигин демократиядан тайбоого, көз карандысыз журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотууга, сөз эркиндигине каршы мыйзам долбоорлорун демилгелөөдөн карманууга жана маалымат каражаттары үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылууга чакырабыз",- деп жазылган билдирүүдө.

Мурдараак “Медиа полиси институ" 2020-жылы октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялаган. Анда Temirov.Live, Kaktus.Media жана Next TV телеканалына козголгон кылмыш иштери белгиленип, интернет троллдор аркылуу социалдык тармактарда журналист, блогерлерди каралоо күч алганы жазылган.

Эл аралык Human Rights Watch жана Helsinki Committee уюмдары Кыргызстандын бийлигин көз карандысыз журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктоону токтотууга чакырган.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндигине басым жоктугун айтып келет. Президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев 1-майда журналист Майраш Базлакуновага интервью берип, бүгүнкү бийлик Кыргызстандагы маалымат каражаттарын "өз жана бөтөн" деп бөлбөй турганын билдирген. (SE)

Көз карандысыз журналисттер бирлигинин төрагасы Азамат Касыбеков кыргыз журналистикасындагы көйгөйлөр, сөз эркиндигиин абалы тууралуу ой бөлүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG