Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Парламент КТРКнын макамы жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды


КТРКнын студиясы.
КТРКнын студиясы.

Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (КТРК) “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Өкмөт сунуштаган долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот.

Корпорациянын курамы боюнча жаңы норма кирип, ага облустук мамлекеттик телерадиокомпанияларды да кошуу сунушталууда. Азыркы мыйзам боюнча башкы директор Байкоочу кеңештин алдында гана жооптуу, ага отчет берип турат. Жаңы долбоор кабыл алынса, башкы директор жыл сайын президентке отчет бериши керек.

КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон. “Улуттук” болуп өзгөртүлсө, бюджети да көбөйөрүн жыйында КТРКнын директору Кайрат Иманалиев билдирди:

"Улуттук деген макам алса, ар бир кызматкердин айлыгына акча кошулат. Ага жыл сайын 12 млн. сом каралат экен. Биз муну Финансы министрлиги менен макулдашып, быйылкы бюджетке кирген".

КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG