Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

АКШ менен Армения атомдук энергетика тармагында кызматташууну келишти


Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 2-май, 2022-жыл.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 2-май, 2022-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян дүйшөмбүдө Вашингтондогу жолугушуунун жыйынтыгында Жарандык атомдук тармакта кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти кабарлады.

Бул келишим АКШ менен Армениянын атомдук өндүрүшүнүн, эксперттеринин жана изилдөөчүлөрүнүн байланышын чыңдоо максатын көздөйт. Мындан сырткары жарандык атомдук энергетикадагы колдоо жана өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу максаттарды да камтыйт.

“Бул биздин кызматташтыкты дагы да арттыруучу жана кызматташуунун жаңы багыттарын табуу үчүн өтө маанилүү курал”,-деди мамкатчы Энтони Блинкен.

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян эки тарап мындан башка тармактарда, анын ичинде демократиялык реформаларды ишке ашыруу, банк, юстиция, коргонуу, коррупциянын алдын алуу багыттарында да кызматташуу темалары талкууланганын маалымдады.

Арарат Мирзоян Армян-америкалык стратегиялык диалогдун отурумдарына катышуу үчүн 6-майга чейин АКШда болот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG