Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

“Чек арасыз кабарчылар”: Иш жүзүндө Орусияда сөз эркиндиги жок болду


Орусияда нааразылык акциясына чыккан жарандар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусияда нааразылык акциясына чыккан жарандар. Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын Украинага чабуулу башталгандан бери Орусияда сөз эркиндигине болгон укук иш жүзүндө таптакыр жок кылынды. Бул тууралуу 3-майда “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин жылдык рейтингин чыгарган баяндамасында жарыялады.

Орусия 180-орундук рейтингде 150-орундан 155-орунга түштү. Бул - өлкө тарыхындагы эң начар көрсөткүч. “Чек арасыз кабарчылар” уюму мунун себебин Орусияда аскердик цензура киргизилип, көз карандысыз басылмалар жабылганы жана журналисттерди куугунтукка алган мыйзамдардын кабыл алынганы менен түшүндүрдү.

Рейтингде Украина 97-орундан 106-орунга түштү. Уюмдун эксперттери орус баскынчылыгынан кийин бул өлкөдө да сөз эркиндиги кыйын абалга кептелгенин белгилешти. Медиа дайыма Орусиянын күчтөрүнөн кооптонууда турат, орус аскерлери кайтарып турган аймактардагы басылмалар Кремлдин пропагандасын жайылтууга өткөн. Украин бийлиги туура эмес маалыма берет деп эсептеген бир нече медиалар жабылган.

Изилдөөдө “сөз эркиндиги өтө оор абалга келген” өлкөлөрдүн саны өскөн. 2021-жылы мамлекеттик төңкөрүш орун алган Мьянмадагы (176-орун) кырдаал журналисттерди он жыл артка кетиргени белгиленет. Мурдагы СССРден тараган өлкөлөрдөн Түркмөнстанда (177), Азербайжанда (154), Беларуста (153) жана Тажикстанда (152) кырдаал оор экени көрсөтүлгөн.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингинде, Кыргызстан 2020-жылы 82-орунда, 2021-жылы 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында өлкө 72-орунга чыккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG